• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Эдельвейс" окуу борбору "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусун өткөрүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Кыргызстан 9-13-октябрь аралыгында Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" окуу борборунда "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусун өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биргелешкен машыгуу Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттеринин ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн катышуусунда өтөт.

Машыгуунун темасы: "ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү тарабынан тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү".

Машыгуунун негизги максаты - Бириккен командачылыктын кызмат адамдарынын жана ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө бөлүктөрдүн милдеттерди аткарууда шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.

Практикалык иш-аракеттер жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөр тарабынан ӨКМдин жана ИИМдин бөлүкчөлөрү менен биргеликте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну карайт.

Пикир

Оставить комментарий