• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов № 3 кесиптик лицейдин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Төрага орун басары аталган билим берүү мекемесинин окуу программасы жана инфраструктуктурасынын абалы менен таанышты. Эдил Байсалов окуу кабинеттерин, мастерскойлорду, лабораторияларды кыдырып, анда ал окутуучулар жамааты жана студенттер менен баарлашты.

Бүгүнкү күндө мекемеде 454 адам билим алса, анын ичинен 33ү – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ал эми экөө ата-энесинен ажыраган балдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кесиптик лицейдин жетекчилигине окуучулар үчүн ашкананын ишин уюштуруу маселесин чечүүнү, ошондой эле окуу процессине зарыл башка тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий