• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Евразия эконимикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Сиздин ишеничтүү жеңишиңиз өлкөдөгү жогорку кадыр-баркка жана калктын чоң ишенимине ээ экендигиңизден кабар берет. Сиз Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем бересиз деп ишенебиз».

Михаил Мясникович Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий