• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Осмоналиев Азербайжандын экология министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Кыргызстан Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен аталган өлкөнүн экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаевдин жолугушуусу болуп өттү, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алмашышты.

Элчи Осмоналиев министр Бабаевди үстүбүздөгү жылы Азербайжанда абройлуу иш-чаранын — БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциянын (СОР-29) тараптарынын конференциясынын 29-сессиясын уюштуруусу жана анын президенти кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Элчи Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан демилгелерге активдүү катышып, көп жылдар бою тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин алга жылдырууну жана ишке ашырууну жактап келе жатканын билдирди.

Ал тоолуу өлкөлөр туш болгон негизги көйгөйлөрдүн катарына айлана-чөйрөгө олуттуу кесепеттери бар кайра жаралбаган жаратылыш ресурстарынын азайышы кирет деп белгиледи. Кыргызстан Азербайжанды эл аралык аренада тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелеринде маанилүү өнөктөш катары карап белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий