• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Дене-бойду чыңап, мүнөздү калыптандырып, ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө, көздөгөн максаттарга жетүүгө эркти тарбиялап, достук мамилеге үндөгөн спорт тармагы, албетте, коомдун жашоосунда зор мааниге ээ!

Дене тарбия жана спорт тармагы өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири бойдон кала бермекчи.

Бүгүнкү күндө бул чөйрөдө беш миңден ашуун расмий адис алектенип, миллиондогон мекендештерибизди сергек жашоого үндөп, спорт менен машыктырып, кыргыз туусун бийик желбиреткен далай-далай уул-кыздарыбыздын чыгышына өбөлгө болууда. Натыйжада кыргызстандык спортчулар көптөгөн мелдештерде: Олимпиада, Паралимпиада, Сурдо олимпиада оюндарында, Ислам тилектештик оюндарында, Дүйнөлүк оюндарда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында, Дүйнө, Азия чемпионаттарында өлкөбүздүн атагын чыгарып келишет.

Кыргыз туусун желбиретип, мамлекеттик гимнибизди жаңырткан спортчуларыбыздын аркасында, айрыкча, акыркы жылдары жалпы республика боюнча сергек жашоо образын тутунгандардын жана спорт менен алектенгендердин саны барган сайын артууда.

Мындай жагымдуу жагдайлардын баарын спорт тармагындагы өз кесибин сүйгөн сиздердей кызматкерлердин чарчап-чаалыкпаган эмгектеринин натыйжасы деп билебиз.

Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан, сергек жашоого жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан дене тарбия жана спорт кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Алдыбызда Париж Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алуу маселелери турат. Өлкөбүздүн эл аралык абыроюн көтөрө турган бул олуттуу мелдешке спортчуларыбыздын катышуусу, жеңишке жетишүүсү үчүн Сиздер менен биргеликте бар аракетибизди жумшайбыз.

Бул жыл - Сиздердин, спортчулардын 4 жылдык эмгегинин үзүрүн көрүүчү жыл. Андыктан, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары бизге эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын байгелерди алып келерине үмүтүбүз чоң.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, биз баарыбыз бир максатты көздөп алдыга жылабыз. Башкы максатыбыз – эрки күчтүү, руху бийик, дени сак улутту калыптандыруу!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Ар бир күнүңүздөр жаңы жетишкендиктерди, зор кубанычтарды алып келсин!
Спорт сиздердин ийгиликке жетүү жолуңуздарда ар дайым ишенимдүү шерик болсун!”

Пикир

Оставить комментарий