• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Артыкбаев Монголиянын коргоо министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев аталган өлкөнүн коргоо министри Гүрсэдийн Сайханбаяр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда элчи кыргыз тарап мындан ары коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө, Монголиянын Куралдуу Күчтөрүнүн эл аралык тынчтыкты сактоо операцияларындагы тажрыйбасын изилдөөгө жана мындан ары бул багытта өз ара аракеттенүүнү арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Министр Г. Сайханбаяр өз кезегинде коргонуу тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалды белгилеп, бул багытта кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди. Монгол тарап ошондой эле тынчтыкты сактоо ишмердиги жаатында тажрыйба алмашууну жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Жолугушуунун соңунда тараптар аскердик жана коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, эки өлкөнүн коргоо министрлеринин деңгээлинде жумушчу сапарларды жана биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий