• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Эрлан Абдылдаев Даниянын Ханышасына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргызстандын Дания Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II`ге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Амалиенборг» падышалык сарайында ишеним грамоталарын тапшыруу салтанаттуу аземи аяктагандан кийин, Даниянын Ханышасы менен расмий жолугушуу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө элчи Абдылдаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоолорун айтып, Кыргызстандын ички саясий жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

Аудиенциянын жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстан менен Дания Королдугунун ортосундагы эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Даниянын Ханышасы Маргрете II КР президенти Садыр Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтып, өлкө элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ошондой эле элчи Э.Абдылдаевге кыргыз-даниялык эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо ийгиликтүү жана жемиштүү иштерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий