• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто жандуу үн менен концерт тартууланат

Аймак 0


Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында жандуу үн менен концерт тартууланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, концерт 19-августта Манас-Ата кичи районунда, 23-августта “Ак-Ниет” эс алуу багында жана 26-август күнү “Токтогул” сейил багында болмокчу.

Башталышы саат 18:00дө, кирүү акысыз.

Майрамдык иш-чараны Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.

Ош шаардык мэриясы тургундарды жандуу концерт көрүп кетүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий