• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мас айдоочунун маселесин чечип берем деп акча алган “жалган” милиционер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Бишкекте мас айдоочунун маселесин чечип берем деп акча алган “жалган” милиционер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун З.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ички иштер министрлигинде иштеген “Назира” аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган.

“Шаар тургуну ушул жылдын 4-августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып, автоунаасы айып аянтчага токтотулган. Ушул ишти оң тарапка чечип берүү үчүн “Назира” аттуу кызматкер 30 миң сом акча алып, ар кандай шылтоолор менен убадасын аткарган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголуп, атайын ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн.

Кечээ, 16-августта саат 15:50лөр чамасында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкектеги “Глобус” соода түйүнүн астынан арыз ээсине мурда алган 30 миң сомдун 16 миңин кайтарып берип жаткан учурда 40 жаштагы Назира С. аттуу адам кармалган.

Шектүү катары кармалган Н.С. милицияда иштеген эместиги аныкталган. Учурда кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий