• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Египетте жашаган кыргызстандыктарга 300дөн ашык консулдук кызматтар көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылындагы элчилиги 2021-жылдын 17-июлунан тартып 29-июлуна чейин Каир шаарына кезектеги консулдук иш сапарын уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапары учурунда Кыргызстандын Каир, Александрия жана Египеттин башка шаарларында жашаган жарандарына 300дөн ашык консулдук кызматтар жана консультациялар көрсөтүлдү. Жарандык абалдын актыларын каттоо, жарандык жана ички паспортторду (ID-card) узартуу/тариздөө, консулдук каттоого алуу, ошондой эле нотариалдык аракеттер боюнча консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Египеттеги Кыргызстандын жарандары КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан консулдук тарифтерди төмөндөтүүгө багытталган, ошондой эле кезектеги консулдук иш сапарын уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалыматты позитивдүү кабыл алышты.

Египеттеги жарандарыбызды документтер менен камсыз кылуу максатында Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги консулдук иш сапарларын уюштуруу практикасын улантат.

Пикир

Оставить комментарий