• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокат районунда да өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ноокат районунда да өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн саламаттык сактоо министри Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Андан кийин ага, Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргилиши мүмкүнбү деген суроо берилди. Эскерте кетсек, Сузак районунда үч адамдан коронавирус аныкталгандан кийин ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилген.

"Менин билдирүүмдөн кийин тиешелүү чечим кабыл алынат болуш керек", - деди ал.

Азыркы тапта ал 3 адам изоляторго алынган. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий