• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысын атып кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчы Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу E1.RU сайты жазат.

Окуя Уралмашта болгон. Мындан мурда улуттук диаспораны жетектеген ишкерди элдин көзүнчө атып кетишип, ал атылган куралдын түрү аныктала элек.

Аны атып кеткендер кармала элек. Россиялык ММКлар жазгандай, Каримовдун ичине жана бутуна ок тийген.

Ал ишкер "Таганский ряд" базарында иш жүргүзүп келген. Ага кол салгандар Түндүк Осетиянын номери тагылган "Volkswagen" унаасы менен келишкен. Алар унааны окуя болгон жерде калтырып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий