• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Екатеринбургда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-августунда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу «Екатеринбург» китепкана борбору менен биргеликте кыргыз режиссеру Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» көркөм тасмасын көрсөтүүнү уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөтүү Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Башкы консулдуктун бир катар иш-чараларынын башталашы катары уюштурулган.

Иш-чаралардын алкагында кыргыз режиссёрлорунун тасмаларын көрсөтүү, Кыргызстандын китепканасы менен «Екатеринбург» китепкана борборунун ортосундагы телекөпүрө, шахмат боюнча турнир жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуу күнү уюштурулат.

Майрамдык иш-чарага шаардын мамлекеттик органдарынын, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер, диаспоралык уюмдардын лидерлери жана активисттери, мекендештердин арасынан жаштар катышты.

Куттуктоо сөзүндө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов Эгемендүүлүк күнү менен жылуу куттуктап, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Консул Нурлан Алымбеков көрүүчүлөргө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн майрамдоонун тарыхы тууралуу айтып берип, бардык конокторго жана режиссер А.Дайырбековго Уралдын борборунда көрсөтүлгөн тасма үчүн ыраазычылык билдирди.

Тасманы көргөндөн кийин бейрасмий шартта пикир алмашуу болду, коноктор Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, улуттук каада-салттарын жана кийимдерин көрсөткөн мыкты режиссёрлук жана операторлук иштер тууралуу пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий