• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Екатеринбургдан Ысык-Көлгө биринчи каттам менен 82 жүргүнчү учуп келди

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда күн мурун Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы бул каттам боюнча жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз каттам аткарууну максат кылууда.

Биринчи каттам менен Екатеринбургдан 82 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн 62 жүргүнчү учуп кетти.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий