• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Антье Граве менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү тармагындагы маселелер талкууланып, бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Антье Граве БУУнун алдыдагы 5 жылдагы приоритеттүү багыттарына токтолуп, ага саламаттык сактоо, билим берүү, жашыл экономика, биологиялык ар түрдүүлүк, гендердик теңчилик кирерин белгиледи.

Ал эми калаа башчысы жергиликтүү бийлик шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн тыгыз иштешүүгө ар дайым даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий