• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга кыргыз тараптан тамак-аш өнөр жайы, текстиль жана тигүү өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, IT-технологиялар жана мунай химиясы тармагындагы 17 компаниянын өкүлдөрү катышты.

Ал эми түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана IT-технология тармагында иштеген 40 компаниянын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, атап айтканда, өлкөлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода-өнөр жай палаталарынын активдүү өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Мындан тышкары, кыргыз-түркмөн тегерек столунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкерлеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болду.

Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында биргелешкен иш-аракеттердин түрдүү багыттары боюнча кызматташуу жөнүндөгү 20дан ашык документке кол коюлду.

Иш-чара Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги, КР президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий