• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эки айда кыргыз көмүрүнүн Европага экспорту дагы 25%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 10 айында Европа өлкөлөрүнө 79 миң 526 тонна көмүр экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күздөн бери аталган көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү — 22 миң тоннадан ашыгы жеткирилген. Белгилей кетсек, былтыр Европа өлкөлөрү Кыргызстандан катуу отун сатып алышкан эмес. 2022-жылы Европанын 6 өлкөсү ата мекендик көмүрдү импорттогон.

Кыргыз көмүрүнө Румыниянын кызыгуусу артып, эң көп 3,3 млн долларга 54,6 миң тонна көмүр импорттогон. Тоннасы орточо эсеп менен 61 долларды түзгөн.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен көмүр импорттоо боюнча экинчи орунда Польша турат. Ал 1,2 млн долларга 23 миң тонна сатып алган, мында тоннасы орточо эсеп менен 53 долларды түзөт.

Кыргызстандан Эстонияга 60,5 тонна, Чехияга 20 тонна таш көмүр жеткирилген. Латвия менен Литва 2 тоннага жетпеген сыноо партиясын гана импорттошкон. Ошол эле учурда Чехия, Латвия жана Литвада тоннасына орточо баа 80 долларды, Эстонияда 25 долларды түздү.

Жалпысынан 2022-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө 550,6 миң тоннадан ашык көмүр экспорттогон. Негизги көлөмдү Өзбекстан сатып алган – дээрлик 431 миң тонна. Өзбекстандык өнөктөштөр үчүн тоннасына орточо баа 31,4 долларды түздү.

Пикир

Оставить комментарий