• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы жана температуралык режими текшерилди

Коом 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу, транспорттогу температуралык режим каралды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр эки жумада бир жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий