• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки аскер, 6 тургун жана бир бала жабыркаган. Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы тууралуу

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыккан чырдан жабыркагандар тууралуу маалымат берди. Алдын ала маалымат боюнча, чек арадагы жаңжалдан эки аскер кызматкери, Максат айылынын алты тургуну жана 2005-жылкы бир бала жабыркаган.

"Жабыркагандар тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлек-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү. Жабыркаган жергиликтүү тургундардын абалы жакшы, бир чек ара кызматкери башынан жарадар болгон, абал өтө оор. Экинчи чек арачынын да абалы абдан оор, ок тийген", - деп кабарлашты министрликтен.

Учурда Максат айылында жалпысынан төрт тез жардам кызматы иш алып барып жатат.

"Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлер тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облустук ооруканасынан хирург, травматолог, реаниматолог реанимобиль менен Лейлеке жөнөп кетти. Жабыркагандар дары-дармек, керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып жатат", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери курман болду. Саат 21:30га карата ок атышуу токтогон.

Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий