• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕККУ мамкызматчыларга коргоочу жабдууларды сатып алуу үчүн 100 миң доллар бөлөт

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсеси COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы жана коргоо иш-аракеттерин жүргүзүү максатында алдыңкы орунда иштеген мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет.

Коргоочу жабдуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, колкаптар, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи кезекте зарыл болгон каражаттар.

"Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсеси кризистин таасирин минималдаштыруу жана азыркы абалдан чыгуу жолун тездетүү үчүн өкмөткө адаптациялык колдоо көрсөтүүнү улантат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий