• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕККУнун өкүлдөрү Ички иштер министрлигине техникалык жабдыктарды тапшырышты

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун "ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууга ошондой эле Программанын улук жардамчысы Ирина Глущенко жана ЕККУнун консультанты Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Ыкчам криминалдык борборунун начальнигинин орун басары Абдумалик Мамыров катышты.

Улан Ниязбеков министрлик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болгонун белгиледи.

Алексей Рогов өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине ар тараптуу маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнү уланта берет деп ишендирди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий