• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономика министри коронавирустан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов бүгүн, 30-июль Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу коронавирустан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

"Кымбаттуу мекендештер бүгүнкү Улуттук аза күтүү күнүндө жугуштуу оорунун айынан каза болгон замандаштарыбыздын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына чын ниеттен көңүл айтам. Каза болгондордун арты кайырлуу болсун. Белди бекем бууп, көзү өткөн адамдардын аткара албай калган тилек-максаттарын аткаралы, алардын элесин сактап жүрөлү. Баарыбызга сабыр каалайм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий