• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министринин орун басары КЭР делегациясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Күн мурун Кытай Эл Республикасынын (КЭР) делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Шаньдун провинциясынын Ляочэн шаарынын партиялык комитетинин секретары Ли Чанпин менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары ишкердикти туруктуу өнүктүрүүгө багытталган иштер, бизнес үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Тараптар тажрыйба алмашуу, айыл чарба, машина куруу, билим берүү, медицина тармагында кызматташуу маселелерин карашты. Ошондой эле бар потенциалды белгилешип, мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий