• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бир максатта өлкөбүздү өнүктүрөлү" — Акылбек Жапаров финчалгындоо кызматкерлерин куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлери!

Бүгүн, 8-сентябрда, Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат. Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул күн мамлекетибиз үчүн өзгөчө күн болуп саналат, анткени бул күнү биздин өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган органдын олуттуу жана үзгүлтүксүз ишинин маанилүүлүгү дагы бир жолу белгиленет. Бул орган – кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен күрөшүүнүн башатында туруп, финансы системасын коргогон бузулбас калкан кызмат. Азыркы учурда бул органга айрыкча террористтик иштерди каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) деңгээлин азайтуу менен байланышкан маанилүү максат-милдеттер жүктөлгөн, бул өтө актуалдуу.

Финансылык чалгындоо кызматынын адистери тарабынан иштелип чыккан терең талдоолор жана жогорку кесиптик компетенттүүлүк жашыруун финансылык бүтүмдөрдү ачыкка чыгарууга жана финансылыккылмыштардын алдын алууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан көрүнбөй иштеген профессионалдар катары сиздердин мамлекет үчүн салымыңыздар салмактуу жана ал терең таанууга татыктуу. Байланыштарды таап жана түзүп, финансылык маалыматтарды талдап жана чечмелөө иштеринде курч аналитикалык жөндөм керек. Бул жөндөм ар түрдүү секторлордо мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоого, ачыктоого жана алдын алууга жардам берет. Сиздердин ар бириңиздерде мындай кесиптик ишмердик менен бирге бекем тартип жана бийик компетенттүүлүк сакталганын билебиз. Мындан ары да Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн мамлекеттик башкаруу системасынын бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденип, мамлекеттин финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга салым кошо бересиздер деп терең ишенем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, өтө түйшүктүү жана жооптуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Бир максатта өлкөбүздү өнүктүрөлү!».

Пикир

Оставить комментарий