• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономикалык мунапыс: Мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан адамдар бар – Жапаров

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Өздөрүнүн каалоосу менен келип, мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан адамдар бар . Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Маалымат жыйында журналист “айрым саясатчылар, серепчилер сиз жарыялаган экономикалык мунапыс толук кандуу ишке ашпайт деген пикирин айтууда. Экономикалык мунапыс сиз ойлогондой жыйынтык берип жатабы?” деген суроо узатты.

“Ал боюнча мыйзам иштелип чыккан. Ал Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Жаңылбасам бүгүн үч окуудан өтөт болуш керек. Мага келсе, кол коюп берем. Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең-бүрсүгүнү күчүнө кирет. Менимче ал ийгиликтүү ишке ашат. Учурда күнөөсүн билген адамдар өздөрүнүн каалоосу менен келип, мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан учурлар бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий