• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экстремисттер жана радикалдар бала чагында турмуштук зордук-зомбулукка кабылышкан

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Экстремизм үчүн соттолгондор бала чагында турмуштук зордук-зомбулукка кабылганын изилдөө көрсөттү. Бул тууралуу Абактарды натыйжалуу башкаруу, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон адамдар менен иш алып баруу маселелери боюнча Борбор-Азиялык диалогдо Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Айваз Кадыров билдирди.

Анын айтымында, ведомствонун кызматкерлери “Ыйман” рухий маданиятты өнүктүрүү фонду жана психиатрлар менен биргеликте соттолгон адам качан радикализм жана экстремизм идеяларына келгендиги тууралуу билүү үчүн изилдөө жүргүзүшкөн.

“Изилдөө экстремизм үчүн соттолгондордун баары бала чагында турмуштук зомбулукка жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун башка түрлөрүнө кабылгандыгын көрсөткөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча адамдын радикалдашуу даражасын баалоо үчүн соттолгондорго атайын суроолор иштелип чыккан. 2016-жылы экстремизм жана радикализм үчүн соттолгондорду камакта кармоо боюнча түзөтүүлөр киргизилген. Алар экстремизм идеяларын жайылтуунун алдын алуу үчүн башка соттолгон адамдардан өзүнчө турушат”, - деди Кадыров.

Пикир

Оставить комментарий