• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экстремизм жана радикализм айрым өлкөлөрдүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн көйгөйү – Улуу Британиянын КРдагы элчиси

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Экстремизм жана радикализм бүтүндөй дүйнөгө коркунуч алып келүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азия диалогу” аттуу эл аралык жыйындын алкагында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит белгиледи.

Анын айтымында, терроризм жана радикализм айрым өлкөлөрдүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн көйгөйү. Ошол себептен Улуу Британиянын өкмөтү дүйнөдө терроризм жана радикализмдин өсүшүнүн алдын алууга көмөктөшүп келет.

“Борбор Азияда пайда болгон радикал менин өлкөмдө жаман иш кылышы мүмкүн, ошондой эле тескерисинче Улуу Британияда пайда болгон радикал БАга келиши мүмкүн”, - дейт Смит.

Ошол себептен экстремистерге коомго аралашып кетүүсүнө жардам берүү керек.

“Сирия сыяктуу согуш болгон жерлерден келген адамдарга демократиялык жол менен мамиле кылуубуз керек. Эгер биз аны жасабасак, биз радикалдардын кийинки өсүп келе жаткан муундарына дем бергендей болобуз. Эл аралык конвенцияга ылайык, аларга да башкаларга берилгендей эркиндик берилиши керек. Абакта отурган адамдарга да чыкканда коомго коркунуч алып келбегидей болуусу үчүн жакшы мамиле жасалышы керек”, - деп белгиледи Смит.

Эскерте кетсек, Бишкекте түрмөлөрдү натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азиялык диалог өтүүдө.

Бул иш-чара Борбор Азиядагы Эл аралык түрмөлөрдү реформалоо Penal Reform International (PRI) өкүлүлүгүнүн, КР жазаларды аткаруу кзыматы жана БУУнун кылмыш жана баңги зат Баркармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий