• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык Түрк академиясы 2022-жылды Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландоодо

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясы келерки 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатат. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали президент Садыр Жапаров менен жолуккан кезде билдирген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Дархан Кыдыралини 21-декабрда кабыл алган.

Дархан Кыдырали мамлекет башчысына жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгү жана анын артыкчылыктуу милдеттери менен пландары тууралуу айтып берди.

Ал кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Эл аралык Түрк академиясы тарабынан үстүбүздөгү жыл - Жусуп Абдрахмановдун жылы деп жарыяланганын маалымдады.

"Академия келерки 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатат", - деген Дархан Кыдырали.

Пикир

Оставить комментарий