• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматкерлери он айда мамлекеттик бюджетке 84 млн сом өндүрдү

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында МККБнын башчысы Алмазбек Исаковдун, башкармалыктын полкунун орун басарлары, рота саркерлери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 10 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, он айда кайгуул кызматкерлери тарабынан 242 миң 841 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мамлекеттик бюджетке 84 млн 214 миң 252 сом өндүрүлдү.

Алардын ичинен:

- документи жок автоунаа башкаруу -2 708 ;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 2 577;

- авто ээнбаштык - 56;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 561;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипеддер катышкан эреже бузуулар - 4 372

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 232 миң 567;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 19 миң 773 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 10 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 65 миң 157 чакыруу ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Алардын ичинен:

-19 938 чакыруу боюнча жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген;

-1 238 чакыруу боюнча “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилген;

-135 кайырчылар боюнча чакыруулар тейленген.

Пикир

Оставить комментарий