• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сеул шаарында туристтик “Роуд шоу” форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-январында КР Кореядагы элчилиги жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган туристтик «Роуд шоу» форуму болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга Кыргызстандын жана Кореянын алдыңкы туроператорлору жана туркомпанияларынын өкүлдөрү катышты. Алар - Ak-Sai Travel, Asia Expeditions, East West travel, C.A.T. Company, Travel Land Kyrgyzstan, Novi Nomad, Best Way жана Раян Тур.

Иш-чарада КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова сөз сүйлөп, эки мамлекет ортосунда визасыз режим экенин белгиледи. “Акыркы жылдары кореялык туристтер Кыргызстанга көбүрөөк кызыга баштады жана алардын саны өсүүдө”,- деди ал.

КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары –Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Кыргызстанга келген кореялык туристтердин саны 16 054 жеткенин жана көбөйүп бара жатканын айтып өттү.

Өз кезегинде, Кореялык туристтик жармаңкелерди уюштуруу ассоциясынын президенти Кан Суп Пак мырза сөз сүйлөп, биринчи кезекте Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда чартердик рейс жүргүзөөрүн үмүттөндүрдү. Ал «Роуд-шоу» сыяктуу иш-чаралар Корея менен Кыргызстанды жакындатып жана эки өлкөнүн туристтик карым-катнашын кеңейтээрин белгилеп өттү.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү компаниялары тууралуу жана анда туристтер үчүн кандай кызмат көрсөтүлөөрүн айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий