• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон Кыргызстандын С.К. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жаран 7-март күнү сот тартибинде кармалган.

"Ал жаран КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүргөндө социалдык тармактар аркылуу террордук уюмдун эмиссарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. Террордук уюмдун катарында Сириянын өкмөт аскерлерине каршы согушуу үчүн ал жакка чыгууну пландап жүргөн", - деп билдирет УКМК.

Учурда ага карата сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий