• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө кошумча 121,1 млн доллар бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө кошумча 121,1 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши Ыкчам каржылоо инструментинин алкагында Кыргызстанга 80,7 млн доллар, Ыкчам насыялоо механизминин алкагында 40,4 млн доллар каражаттын берилишин жактырды.

Эл аралык валюта фонду экинчи ирет Кыргызстанга акчалай каражат бөлүп жатат. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде ЭВФнын аткаруучу кеңеши Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлүп берүүнү жактырган. Андан кийин 6-апрелде ыкчам каржылоону эки эсеге көбөйтүү боюнча чечим чыккан.

Коронавируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга насыялык ресурстардан бөлүнгөн акча каражаттын суммасы 242 млн долларды түздү. ЭВФ тарабынан көрсөтүлгөн ыкчам колдоо өлкөнүн саламаттык сактоо жана экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу боюнча иш-чараларды каржылоого багытталат.

Пикир

Оставить комментарий