• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Аманбаев АКШдан аймактарда англис тилин окутууну күчөтүүдө жардам сурады

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын кесиптик жана маданий алмашуу боюнча жардамчысынын орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Жолугушууга ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият башкармалыгынын Академиялык программалар боюнча директору Марианна Крейвен, департаменттин жеке сектор менен алмашуу бюросунун директору Марк Ховард жана мамлекеттик саясат боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Рафик Мансур катышты.

Жолугушууда АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланды. Америкалык тарап АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен билим берүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу жаатында ишке ашырылып жаткан иш программалары тууралуу кеңири маалымат берип, мындан аркы иш пландары менен бөлүштү.

Элчи Бакыт Аманбаев өлкөнүн билим берүү саясаты ар бир өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгилеп, америкалык тарапты акыркы мезгилде Кыргызстанда билим берүүнүн бул чөйрөсүндө мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш чаралар менен кеңири тааныштырды. Ошондой эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан таланттуу кыргыз жаштарынын дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алуусуна колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн "Эл үмүтү" стипендиясы тууралуу айтып, мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу жана окуу жайларына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

"Аманбаев Фулбрайт жана FLEX сыяктуу түрдүү программалар боюнча студенттердин санын көбөйтүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку жана орто окуу жайларынын ортосундагы байланышты бекемдөө үчүн атайын программаларды уюштурууну сунуштады. Мындан тышкары Бакыт Аманбаев айылдагы кыргыз мектептеринде англис тилин окутууну күчөтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып, айыл мектептеринен мугалимдерди АКШга алып келип, окутууну, ошондой эле айыл мектептерин заманбап окуу куралдары менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Соңунда Аманбаев эки өлкөнүн маданий байланыштарын жакшыртуу максатында Кыргызстандын маданият күндөрүн АКШда өткөрүүгө колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Америкалык тарап билим берүү тармагындагы келечектүү комплекстүү долбоорду колдоорун билдирип, мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешип иштөөгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий