• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Базарбаев Италиянын “ITA” соода жана инвестиция агенттигинин президенти менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын "ITA" соода жана инвестиция агенттигинин президенти Маттео Зоппас менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Таалай Базарбаев Маттео Зоппаска Кыргызстанда жеңил өнөр жай, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, ошондой эле бөтөлкөдөгү сууну өндүрүү жана экспорттоо жаатында кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлорду сунуштады.

Ошону менен бирге, элчи агенттиктин башчысына италиялык бизнес миссиясын жетектеп, 2024-жылы Кыргызстанга келүүнү, алдыдагы ири көргөзмө иш-чараларына катышууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана потенциалдуу экономикалык өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.

Маттео Зоппас "ITA" агенттигинин кыргыз тарап менен активдүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес байланыштарын максималдуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар талкууланган кызматташуу пландарын ишке ашыруу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий