• 88.68
  • 95
  • 0.95

Turkish Airlines авиакомпаниясынын учактарында кыргызча тасмалар көрсөтүлө баштады

Маданият 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Turkish Airlines түрк авиакомпаниясынын учактарында кыргызча тасмалар көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ведомствонун коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюлду.

"Азыркы учурда "Курманжан Датка" жана "Шамбала" кыргыз тасмалары учуу учурунда көрүүгө боло турган тасмалардын репертуарына кошулду. Бул Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Маданият министрлигинин коллегиясы өтүп жатат, ага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий