• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Бейшембиев пакистандыктарга КРнын экономикалык жана туристтик потенциалы жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын Эл аралык мамилелер боюнча борборуна келип, ишкер чөйрөлөрдүн жана ЖМКлардын өкүлдөрү, студенттер менен кыргыз-пакистан мамилелери темасында чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Бейшембиев Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берди, пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБнын рыногуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуш кылды.

Талкуунун жүрүшүндө түздөн-түз үзгүлтүксүз аба каттамдар, жогорку билим берүү, маданий алмашуу, эки өлкөнүн эксперттик коомчулугу менен ЖМКлардын ортосундагы байланышты активдештирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чара чоң кызыгууну жаратып, бир катар жергиликтүү гезиттерде жана электрондук маалымат каражаттарында, ошондой эле «INDUS» жана «ABBTAKK» телеканалдарында чагылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий