• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каналдын боюнан бут кийими табылган. Чүйдө 49 жаштагы эркек киши изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Чолпон айылынын 48 жаштагы тургуну 7-февралдан бери дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, дайынсыз жоголгон эркек кишинин бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу анын туугандары ӨКМге Чоң Чүй каналын бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылган.

16-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий