• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунунун 168-чакырымында (Париж тилкеси) “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы эки жүргүнчү жаракат алган.

"Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жалпысынан 5 куткаруучу тартылган", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий