• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Исаев Индияда Кыргызстандагы салттуу медицинанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Ушул жылдын 20-апрелинде Гуджарат штатында (Индия) Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адхан Гебрейесустун катышуусунда Глобалдык Аюрведа инвестициялык жана инновациялар саммитинин ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында өз сүйлөгөн премьер-министр Моди бүгүнкү күндө дүйнөдө аюрведиялык дары-дармектерди жана косметикаларды өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй суроо-талап бар экендигин, ошондуктан 2014-жылы Аюрведа сектору 3 миллиард доллардан аз болсо, бүгүнкү күндө ал 18 миллиард доллардан ашкандыгын айткан.

ДССУнун башчысы өз кезегинде аюрведиялык медицина бир катар Европа өлкөлөрү, ошондой эле ДССУ тарабынан альтернативдик медицина катары таанылганын жана бүгүнкү күндө ДССУга мүчө 194 мамлекеттин 170и анын ыкмаларын колдонгону тууралуу маалымат беришкенин билдирди.

ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнө калкынын 80 пайызы салттуу медицинаны колдонот.

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев дипломатиялык конклавтын алкагында Кыргызстандагы салттуу медицинанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Элчи өз сөзүндө "Индия-БА" 1-саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруунун алкагында КР президенти тарабынан Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча, анын ичинде саламаттыкты сактоо секторунда да өз ара аракеттенүүнү арттыруу тапшырмасы берилгендигин белгиледи.

Буга байланыштуу элчи салттуу медицинаны өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле Индиянын Аюрведа министрлигинин өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Индиянын Аюрведа министрлигинин ортосунда салттуу медицина тармагында кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу маселеси азыркы учурда каралып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий