• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд Аравиясы Кыргызстан менен транспорт, логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын транспорт жана логистика министри Салех бин Насер Аль-Жасер менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Марипов Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ал өткөн жылы аткарылган иштер жана жетишилген жыйынтыктарга кеңири токтолуп, мындан ары кызматташууну активдештирүү боюнча ой бөлүштү.

Улукбек Марипов падышалык менен транспорт жана логистика тармагындагы байланыштарды бекемдөө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Сауд Аравиясынын үч континентти (супер аймакты) бириктирген аймактык транспорттук хаб болууга умтулуусун эске алып, ал Кытай жана Борбордук Азияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштыра турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын улуттук долбооруна катышууну сунуштады.

Марипов ошондой эле Эр-Риядда үч континенттин өлкөлөрүнүн ортосундагы товар алмашуунун эффективдүү маршруттарын түзүү максатында транспорт жана логистиканы өнүктүрүү темасында “Future Minerals Forum” жана “Future Investment Initiative” сыяктуу эл аралык форум өткөрүүнү сунуштады.

Ал ошондой эле эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуу боюнча документтин долбоорун демилгелеп, аны жакын арада боло турган эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын учурунда кол коюуга даярдоону сунуштады.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын транспорт жана логистика министри Салех бин Аль-Жасер элчиге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары арттыруу боюнча айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Аравиясынын Кыргызстан менен бул багытта мамилени чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал өкмөттөр ортосундагы кызматташуу боюнча тиешелүү документтин долбоорун даярдап, ага жакынкы сапарларда кол коюу зарылчылыгы тууралуу элчинин пикири менен макул экендигин билдирди.

Ошол эле учурда Салех бин Аль-Жасер бир нече жуманын ичинде падышалыктын эл аралык жүк ташуу жана логистиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык форум өткөрүү демилгеси жарыялана тургандыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Соңунда министр Салех бин Аль-Жасер өзүнүн кесиптешине, КР транспорт жана коммуникациялар министрине Сауд Аравиясына ыңгайлуу убакта келүүгө чакыруусун жеткирип коюуну өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багыттагы иштерди улантууну жана айтылган демилгелерди координациялоо үчүн министрлик менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий