• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Курстун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш — Улуттук банк валюта рыногундагы абал тууралуу

Экономика 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талап, сунушка салыштырмалуу бир аз басымдуулук кылып жаткандыгы байкалууда. Ошентсе да ички валюта рыногунда кырдаал туруктуу сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк АКШ долларынын сомго карата курсу чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталарын белгилейт, күнүмдүк турмушта алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү күндө байкалат. Ушуга байланыштуу валюталар курсу бир күн, жума, ай ичинде жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн.

Алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими колдонулган өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш жана ал дайыма эле Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кыла бербейт.

Валюта рыногунда суроо-талаптын же сунуштун жогорулашы менен байланышкан алмашуу курсу кескин өзгөргөн мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат.

2022-жыл башынан тартып 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (анын ичинен 66,65 млн доллар накталай түрдө сатылган) жана 46,45 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча эки интервенция өткөрдү. Жыйынтыгында таза сатуу 237,85 млн АКШ долларын түздү.

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма көз салып турат жана акча-кредит саясатына ылайык оперативдүү негизде кийлигишүүгө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий