• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Мусаева Кытай ТИМнин өкүлүнө ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Кытай Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин директорунун орун басары Ли Сянга ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашып, анын ичинде алдыдагы 2023-жылга карата эки тараптуу иш-чараларды жана өлкө жетекчилигинин иш сапарларын талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Актилек Мусаева Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымдады, ошондой эле Кыргызстанда Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге чоң маани берилерин белгиледи.

Ошондой эле Ли Сян Актилек Мусаеваны Кыргызстандын Кытайдагы элчиси катары дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү үчүн ийгилик жана жемиштүү ишмердик каалады.

Пикир

Оставить комментарий