• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Москвада өткөн ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Россиянын Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Биргелешкен жыйынды ЖККУ ПАнын төрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматына шайланышына байланыштуу куттуктоолор жана жакшы тилектер үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен катар бүгүнкү иш-чара жемиштүү жыйынтыкталып, жамааттык өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп каларына үмүт артарын кошумчалады.

"Кыргыз тарап ЖККУнун потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана жалпысынан коопсуздук жаатындагы көп тараптуу кызматташуудан сезилерлик натыйжа күтөт. Анткени, биргелешкен күч-аракетибиз менен биз коопсуз дүйнөнү түзүүдө уюмдун ролун жогорулата алабыз деп ишенем. Ошол эле учурда тынчтыкты, эл аралык, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн саясий-дипломатиялык алакаларга артыкчылык берүү зарыл", - деди Нурланбек Шакиев.

Мындан тышкары, төрага ЖККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бул алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы жана эффективдүү механизми экенин белгиледи.

"Ушуга байланыштуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинен коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзамдарыбызды шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү боюнча ишибизди активдештирүүбүз кажет", - деп кошумчалады Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жалпысынан жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын 2021-2025-жылдарга карата жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттердин программасына ылайык иштелип чыккан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча моделдик сунуштамалардын жана мыйзам актыларынын долбоорлору каралды.

Белгилей кетсек, жыйынга Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери, ЖККУ ПАнын Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Эльмурза Сатыбалдиев, "Ишеним" парламенттик фракциясынын лидери, ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Улугбек Ормонов, "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери, ЖККУ ПАнын Социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Бактыбек Сыдыков да катышты.

Пикир

Оставить комментарий