• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Жусупов Австриянын федералдык канцлери жана тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. 27-январда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц жана тышкы иштер министри Александр Шалленберг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов федералдык канцлерге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун жолдоп жана эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташуусу тууралуу кыскача маалымдады.

"Австриянын кызыкчылыктарынын жана баалуулуктарынын - эркиндик, теңдик, демократия жана адам укуктарын сыйлоо негизинде түзүлгөн жигердүү тышкы саясатты жүргүзүүгө федералдык өкмөт максат койду", - деп федералдык канцлери Себастьян Курц билдирди. Ал өз сөзүндө, иммиграция маселесин жана "жашыл" экономиканы өкмөттүн иш-аракеттеринин артыкчылыктары деп баса белгиледи.

2020-жыл Бириккен Улуттар Уюмунун 75 жылы жана Бириккен Улуттар Уюмунда Австрия мүчө болгонуна 65 жылы болуп саналат, - ошондуктан Шалленберг мындай айтты: “Эл аралык кызматташуу, айрыкча Австрия Бириккен Улуттар Уюмунун штабы катары болгондуктан абдан маанилүү".

Белгилей кетсек, Австриянын жаны өкмөтүнүн түзүлүшүнө карата федералдык канцлер Себастьян Курц жана тышкы иштер министри Александр Шалленберг Венадагы дипломатиялык корпусун кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий