• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Электр станциялары” ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Таалайбек Байгазиев директорлор кеңешинин чечими менен «Электр станциялары» ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Байгазиев 2021-жылдын июлунан тарта «Улуттук энергетикалык холдинг» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.

Компаниянын мурдагы башкы директору Эркин Тавашаров КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалган, ал бул кызматты 2022-жылдын январь айынан тарта аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий