• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Эмарк Групп» компаниясынын директору тергөө абагына камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов соттун чечими менен камакка алынды.

Октябрь райондук сотунан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 12-октябрындагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, А.Ч.К.га карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий