• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы санынан ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Эмдөө боюнча улуттук кампания башталгандан бери COVID-19 илдетине каршы эмдөө алган жарандардын саны COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы санынан ашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 144 миңден ашык, ал эми бир жылдан ашыгыраак убакыттын ичинде COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 143 668.

"Ошентип, Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетинин жайылышы менен күрөшүүдө оң динамикага жетүү мүмкүн болду. Эмдөөгө байланыштуу актуалдуу маалыматтарды алуу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги emed.gov.kg (Эмдөө бөлүмү) дареги аркылуу жеткиликтүү санарип кызматты ишке киргизди",-деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, 144 миңден ашуун адам 3,5 ай аралыгында эмдөөдөн өткөн. "Бирок алдыда коллективдүү иммунитетти пайда кылуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен калктын 70% эмдөөдөн өткөрүү милдети турат",-дейт министр.

Бардык актуалдуу маалыматтар https://vc.emed.gov.kg санарип кызматы аркылуу жеткиликтүү болот.

Эскерте кетсек, эмдөө боюнча улуттук кампания Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2021-жылы март айынын аягында башталган.

2021-жылы 11-июлда Vero Cell компаниясынын "Синофарм" вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген, анын 1 млн 100 миң дозасы республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынса, 150 миң дозасы Кытай Эл Республикасы тарабынан гуманитардык жардам катары берилген.

Пикир

Оставить комментарий