• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууда 2024-жылдын март айында Нью-Йорк (АКШ) шаарында өткөн БУУнун Аялдардын абалы боюнча Комиссиясынын 68-сессиясына Кыргызстандын расмий делегациясынын катышуусунун жыйынтыктары жөнүндө жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоодогу мамлекеттик программаны ишке ашыруу туурасында сүйлөшүлдү.

Ошондой эле Эл аралык документ, Пекин+30 ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын отчетун даярдоо пландалып, КРда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда министр Гүлнара Баатырова БУУнун Кыргызстандагы Аялдар өкүлчүлүгүнө өлкөдөгү гендердик теңчиликке жетишүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий