• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмомали Рахмон президент Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди жана боордош өлкөнүн элин ыйык Орозо айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Ыйык Орозо айт майрамы гуманизмдин идеяларына негизделип, жакшылыкка, сабырдуулукка, кайрымдуулукка жана боорукердикке, өз ара колдоо жана өз ара түшүнүшүүгө чакырат.

Бул майрамдын жалпы адамзаттык идеалдары эки элдин биргелешип, азыркы оор күндөрдү жеңүүсүнө жана бекем достуктун, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуунун тарыхый салттарына негизделген өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенем.

Бүткүл дүйнөнүн мусулмандары үчүн бул жаркын күндөрдө Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине — тынчтык, бакубатуулук жана өсүп-өнүгүүнү каалаймын», — деп белгиленет Тажикстандын президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий