• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика ардагери жарыкка терифтерди көтөрүү боюнча - Чыгаша менен иштөөгө болбойт

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда аномалдуу сууктан жана газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашынан улам келип чыккан энергетикалык каатчылыктын фонунда президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылуу жасап, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти 77 тыйындан 1 сомго чейин көтөрүү зарылдыгын билдирди. "Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт", - деп түшүндүрдү президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын энергетика тармагынын ардагери, Жылуулук электр борборунун экс-директору Лев Васильев “Кабар” агенттигине билдиргендей, мындан 20 жыл мурун эле электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарыл болгон. Ушунча убакыттан бери энергетика тармагы карызга батып, чыгаша менен иштеп келе жатат.

"Албетте, көтөрүш керек. Чыгашага иштөөгө болбойт. Дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде энергетика жоготуу менен иштебейт. Тарифтерди мурда эле көтөрүш керек болчу", - деди Васильев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дүйнөдөгү эң арзан баа болуп саналат жана эң арзан 7 өлкөнүн катарына кирди. Бул чындыгында энергетика тармагын өнүктүрүүнү артка тартат.

Мисалы, Кыргызстанда 1 кВт сааттын баасы 0,010 доллар, Өзбекстанда 0,026 доллар, Казакстанда 0,043 доллар, Азербайжанда 0,047 доллар, Орусияда 0,070 долларды түзөт.

Электр энергиясына болгон баа боюнча Дания (0,540 доллар), Германия (0,531 доллар) жана Улуу Британия (0,482 доллар) лидер болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий